Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-августу № 3
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын тургуну, 1-группадагы инвалид Акимбек Абдибековго ден соолугуна байланыштуу материалдык жардам бөлүштүрүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын тургуну,1-группадагы инвалид Абдибеков Акимбектин ден соолугуна байланыштуу Бишкек шаарынан дарылануу үчүн материалдык жардам берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап,Терек-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын тургуну, 1-группадагы инвалид А.Абдибековго Бишкек шаарынан дарылануусу үчүн 20 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы КЭБ башчы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Терек-Сай айылдык Кеңештин экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |