Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-августу № 4
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Горняк-2 көчөсүнүн тургундарынын коопсуздугунун алдын алуу үчүн керектүү материалдарды алып берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Горняк -2 көчөсүндө жамгыр катуу жааган мезгилдерде сел кетүү коркунучунан көчө тургундарынын коопсуздугунун алдын алуу үчүн көчөнүн ортосуна труба жаткырып, селди чон сууга карай агызуу максатында керектүү курулуш материалдарын алып берүү жөнүндөгү депутат А. Чотбаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Горняк -2 көчөсунүн коопсуздугунун алдын алуу максатында сел аккан мезгилде труба аркылуу чон сууга агызууу үчүн керектүү курулуш материалдарын сатып алуу үчүн 32 000 сом акча каражаты бөлүштүрүлсүн.
2. Бул токтомду аткаруу жагы ФЭБ башчы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Терек-Сай айылдык Кеңештин экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | Алымкулов Н.А. |