Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-сентябры № 1
Терек-Сай жалпы орто мектебинин класс комплектованиесин сактап калуу жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебинин 11-класстын окуучуларынын саны аз болгондуктан, башка жакка барып окууга мүмкүнчүлүктөрү болбогондуктан, ата-энелеринин класс комплектованиени сактап калуу жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылынын тургундарынын кайрылуу каты эске алынсын.
2. 2017-2018-окуу жылында Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебинде окуучулардын контингентин, класс комплектованиени сактап калуу максатында, класс комплектованиени бекитип берүү жагы Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомго байланыштуу тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы К.Ж.Эшалиевке киргизилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо жана маданият боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Алымкулов Н.А. |