Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 03-октябры № 1
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Эшалы болуш көчөсүндөгү өрттөнүп кеткен коомдук турак жайдын курулуш иштерин аягына чыгаруу үчүн кошумча акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Эшалы болуш көчөсүндөгү кокустан өрттөнүп кеткен коомдук турак жайдын азыркы учурда акча каражатынын жетишсиздигинен курулуш иштери токтоп калгандыгына байланыштуу кошумча акча каражатынын керектиги жөнүндөгү Эшалы болуш көчөсүнүн жабыр тарткан үй-бүлөлөрүнүн кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Эшалы болуш көчөсүндөгү өрттөн жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн турак жайларынын курулуш иштерин бүткөрүү үчүн “Эти Бакыр Терексай” ЖЧК мунан 2018-жылдын соц.пакетинин эсебинен 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражатын бөлүп берүү жагы суралсын.
2. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Эшалы болуш көчөсүндөгү өрттөн жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн турак жайларынын курулуш иштерин бүткөрүү үчүн “Альянс ” фирмасынан соц.пакеттин эсебинен 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражатын бөлүп берүү жагы суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Терек-Сай айылдык Кенештин экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,
5. Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Алымкулов Н.А. |