Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 06-октябры № 2
Жалал-Абад шаарына Күрөш боюнча Эл аралык V турнирге жаш күрөшчүлөрдү алып барууга каражат бөлүштүрүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагынын Ак-Терек көчөсүнүн тургуну Исманов Даниярдын жазган кайрылуусун карап талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарына Күрөш боюнча Эл аралык V турнирге жаш күрөшчүлөрдү алып баруу үчүн Исманов Даниярдын жазган кайрылуу катынын негизинде 15000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Алымкулов Н.А. |