Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-октябры № 2
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата техникаларга кетүүчү акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата техникаларга кетүүчү күйүүчү майларга акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө ФЭБ башчы Т.Суванованын билдирүүсүн угуп жана , Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата техникаларга кетүүчү күйүүчү майларга 6 000 ( алты мин) сом акча каражаты бөлүштүрүлүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,
5. Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Каипов М. Э. |