Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-октябры № 3
Терек-Сай айылына караштуу Эшалы болуш көчөсүнүн тургуну Абдылдаева Уулканга материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагынын Терек-Сай айылына караштуу Эшалы болуш көчөсүнүн тургуну Абдылдаева Уулкандын ден соолугуна байланыштуу, Бишкек шаарынан дарылануу үчүн материалдык жардам сурап кайрылган билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылына караштуу Эшалы болуш көчөсүнүн тургуну Абдылдаева Уулканга ден соолугуна байланыштуу Бишкек шаарынан дарылануу үчүн 20 000(жыйырма мин) сом акча каражаты бөлүштүрүлүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Каипов М. Э. |