Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-октябры № 4
Терек-Сай айылына караштуу Мырзалиев көчөсүнүн тургуну Нуралиев Стамалыга материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагынын Терек-Сай айылына караштуу Мырзалиев көчөсүнүн тургуну Нуралиев Стамалыга Москва шаарында өтүп кеткен иниси Нуралиев Уметалынын сөөгүн мусулмандар мазарына которуп, коюп келүү үчүн материалдык жардам сурап кайрылган билдируусун угуп жана талкуулап, Терек – Сай айылдык КеңешининVIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылына караштуу Мырзалиев көчөсүнүн тургуну Нуралиев Стамалыга иниси Нуралиев Стамалынын Москва шаарында өтүп кетип, сөөгүн мусулман мазарына которуп, көмүп келүүгө 50 000 ( элүү мин) сом акча каражаты бөлүштүрүлүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,
5. Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Каипов М. Э. |