Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-октябры № 5
Терек-Сай айылдык аймагынын иш кагаздары менен иштөөнү жөнгө салуу максатында принтер сатып алуу үчүн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагынын жооптуу катчысы Б.Анарбаеванын иш кагаздары менен иштөөнү жөнгө салуу үчүн 2 принтер керектиги жөнүндөгү билдирсүүсүн угуп жана талкуулап, Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагынын иш кагаздары менен иштөөнү жөнгө салуу үчүн 2 принтер сатып алууга 30 000 (отуз мин) сом акча каражаты бөлүштүрүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Каипов М. Э. |