Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-октябры № 6
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай орто мектебине спорттук форма жана инвентарь алуу үчүн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Терек-Сай орто мектебинин директору Т.Орозбаевдин окуучуларга спорттук форма жана дене тарбия сабагын өтүүдө спорттук инвентарь (волейболдук сетка, волейболдук жана футболдук топторду) алуу жөнүндөгү билдируусун угуп жана талкуулап Терек – Сай айылдык КеңешининVIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Терек-Сай орто мектебине спорттук форма жана спорттук инвентарь алуу үчүн 24 000 (жыйырма төрт мин) сом акча каражаты бөлүштүрүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Каипов М. Э. |