Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-октябры № 7
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагынын жооптуу катчысы Б.Анарбаеванын жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү боюнча Типтүү келишим түзүлүшү керектиги жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү үчүн Типтүү келишим түзүү сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын жооптуу катчысы Б.Анарбаевага жана каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Каипов М. Э. |