Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-октябры № 8
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Терек-Сай орто мектебинин жылытуу системасын ишке киргизүүгө акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Терек-Сай орто мектебинин директору Т.Орозбаевдин кышкы сезонго карата мектептин жылытуу системасын ишке киргизүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Терек-Сай орто мектебинин жылытуу системасын кышкы сезонго карата ишке киргизүү үчүн 30100 (отуз мин бир жүз) сом акча каражаты бөлүштүрүлүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Каипов М. Э. |