Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-октябры № 10
Терек-Сай айылына караштуу мекемелерге көмүр жана катуу отун үчун акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу мекемелерге көмүр жана кургак отунга акча каражаты бөлүштүрүү жөнүндөгү ФЭБ башчысы Т.Суванованын билдируусун угуп жана талкуулап Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу мекемелерге керектөөсүнө жараша көмүр сатып алууга 75 000 (жетимиш беш мин) сом жана кургак отун үчүн 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүштүрүлүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Каипов М. Э. |