Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-октябры № 11
Чаткал районуна караштуу Каныш-Кыя айыл аймагында өтүүчү Түшүм майрамын өткөрүүгө карата акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагы Чаткал районуна караштуу Каныш-Кыя айыл аймагында өтүүчү Түшүм майрамына катышуу үчүн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү ФЭБ башчысы Т.Суванованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагы Каныш-Кыя айылында өтүүчү Түшүм майрамына катышып келүүгө 12 000 (он эки мин) сом акча каражаты бөлүштүрүлүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Каипов М. Э. |