Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-октябры № 12
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу А.Чымканаев атындагы орто мектебине күз-кыш мезгилине карата керектүү буюмдарды сатып алууга акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштууА.Чымканаев атындагы орто мектебине күз-кыш мезгилине карата керектүү буюмдарды,өрт өчүрүүчү шаймандарды сатып алуу жөнүндө А.Чымканаев атындагы орто мектебинин директору Г.Турдалиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу А.Чымканаев атындагы орто мектебине күз-кыш мезгилине карата керектүү буюмдарды, өрт өчүрүүчү шаймандарды сатып алууга 30 220 (отуз миң эки жүз жыйырма) сом акча каражаты бөлүштүрүлүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Каипов М. Э. |