Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-октябры № 13
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Б.Камчыбеков атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин отканасына утурумдук ремонт иштерине жана от жагуу мезгилинде керектүү шаймандарды сатып алууга акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Б.Камчыбеков атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин отканасына утурумдук ремонт иштерин жүргүзүү үчүн жана от жагуу мезгилинде керектүү болгон шаймандар менен жабдуужөнүндө Б.Камчыбеков атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин директору К.Аликеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Б.Камчыбеков атындагы жалпы билим берүүчү мектебине күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында мектептин отканасына утурумдук ремонт иштерин жүргүзүү үчүн жана от жагуу мезгилинде керектүү болгон шаймандарды сатып алууга 15 000 (он беш миң) сом акча каражаты бөлүштүрүлүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Каипов М. Э. |