Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 09-ноябры № 1
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Горняк-1 көчөсүнүн тургуну, жесир эне Аскарова Гүлзатка кезексиз жер бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Горняк – 1 көчөсүнүн тургуну, жесир аял Аскарова Гүлзат турмуш шарты оор, жалгыз баласы окуучу экендигин, азыркы учурда бирөөнүн үйүндө квартирада отургандыгы жөнүндө кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Жергиликтүү Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Горняк-1 көчөсүнүн тургуну, жесир аял Аскарова Гүлзаттын социалдык абалын эске алуу менен кезексиз жер бөлүп берүү Терек-Сай айыл аймагына сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын жер адиси И.Смановго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин курулуш, өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Каипов М. Э. |