Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 09-ноябры № 2
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Ынтымак көчөсүнүн тургуну көп балалуу “Баатыр Эне”, Качикева Нурайдын уулу Эсенбек уулу Абылкасымга кезексиз жер бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Ынтымак көчөсүнүн тургуну, көп балалуу “Баатыр Эне” Качикеева Нурайдын 1994-жылы туулган баласы Эсенбек уулу Абылкасым 2-группадагы инвалид экендиги жөнүндө кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Жергиликтүү Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Ынтымак көчөсүнүн тургуну, көп балалуу “Баатыр Эне” Качикеева Нурайдын 1994-жылы туулган баласы Эсенбек уулу Абылкасым 2-группадагы инвалид экендиги жана социалдык абалын эске алуу менен кезексиз жер бөлүп берүү Терек-Сай айылдык аймагына сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын жер адиси И.Смановго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин курулуш, өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Каипов М. Э. |