Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 09-ноябры № 3
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу жалпы билим берүүчү орто мектептерде окуучулардын билимге болгон кызыгуусун арттыруу максатында акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу жалпы билим берүүчү орто мектептерде окуучулардын кызыгуусун арттыру максатында айылдык Кенештин депутаттарынын пикирлерин талкуулап , Жергиликтүү Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу билим берүү мекемелеринде окуучулардын кызыгуусун арттыруу максатында 2017-2018ж.ж жыйынтыгы менен жалпы республикалык тестирлөөдөн алган жогорку көрсөткүчтөгү баллдары үчүн бюджеттин эсебинен төмөнкүдөй акча каражаттары бөлүнүп берилсин:
Негизги тесттен алган баллдары үчүн:
Максималдуу 240 баллга - 100 000 сом;
200 баллдан жогору - 50 000 сом;
170 баллдан жогору 200 баллга чейин – 30 000 сом;
150 баллдан 170 баллга чейин - 20 000 сом;
130 баллдан 150 балга чейин - 10 000 сом;
120 балдан 130 баллга чейин - 5 000 сом;
110 баллдан 120 баллга чейин - 2 000 сом;
Кошумча предметтерден алган баллдары үчүн :
150 балл алганга - 10 000 сом;
100 баллдан ашкандарга – 8 000 сом;
80—100 баллга чейинкилер -- 5 000 сом;
70—80 баллга чейинкилер -- 3 000 сом;
60 тан жогору балл алгандарга – 1 000 сом;
Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Каипов М. Э. |