Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 09-ноябры № 4
Терек-Сай айылдык аймагынын аппарат кызматкерлеринин сапар чыгымдары үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагынын финансы экономика бөлүм башчысы Т.Суванованын сапар чыгымдары үчүн акча каражатын бөлүп берүү керектиги жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып, талкуулап, Жергиликтүү Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагынын аппарат кызматкерлери үчүн сапар чыгымдарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 80000 (сексен миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Каипов М. Э. |