Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 09-ноябры № 5
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу “Келечек” мектепке чейинки билим берүү уюмуна санитардык көрсөтмөлөрдү аткаруу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу “Келечек” мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору Б.Мамашованын санитардык көрсөтмөлөрдү аткаруу жана бала бакчага тиешелүү жабдууларды алуу үчүн кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Жергиликтүү Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу “Келечек” мектепке чейинки билим берүү уюмунун санитардык көрсөтмөнүн талабын аткаруу максатында керебет жапкыч (покрывало), наматрасник, шейшеп (постельное белье) үчүн 151 200 (бир жүз элүү бир мин эки жүз) сом акча каражаты, бала бакчанын керектөөсү үчүн 2 даана чаң соргуч алуу үчүн 12 000(он эки мин) сом акча каражаты, түстүү принтер сатып алууга 20 000 (жыйырма мин)сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Каипов М. Э. |