Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 09-ноябры № 6
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу “Бүчүр” мектепке чейинки билим берүү уюмуна санитардык көрсөтмөнүн талаптарын аткаруу максатында акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай аайылдык аймагына караштуу “Бүчүр” мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору Г.Камчыбекованын санитардык көрсөтмөлөрүн аткаруу боюнча кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Жергиликтүү Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу “Бүчүр”мектепке чейинки билим берүү уюмуна санитардык көрсөтмөнүн талабын аткаруу максатында керектөө үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 44 550 (кырк төрт миң беш жүз элүү) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Каипов М. Э. |