Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 09-ноябры № 7
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Горняк-1 көчөсүнүн тургуну Боромбаева Айсадага материалдык акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Горняк-1 көчөсүнүн тургуну Боромбаева Айсаданын ден соолугуна байланыштуу кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Жергиликтүү Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Горняк-1 көчөсүнүн тургуну Боромбаева Айсадага ден-соолугуна байланыштуу дарылануу үчүн материалдык жардам көрсөтүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 5000 (беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Каипов М. Э. |