Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 09-ноябры № 9
Терек-Сай айылдык аймагындагы № 4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун тез жардам бөлүмүнө жылытуу системасы үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагындагы № 4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Р.Ташбаеванын тез жардам бөлүмүнө жылытуу системасын куруу боюнча кайрылуусун карап чыгып, айылдык Кенештин депутаттары убактылуу жылыткычтарды алып берүү керектигин белгилешип, Жергиликтүү Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагындагы №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун тез жардам бөлүмүнө 3 даана жылыткыч алуу үчүн 9 000(тогуз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Каипов М. Э. |