Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 09-ноябры № 10
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу А.Чымканаев атындагы орто мектебинин англис тили кабинетин заманбап жабдуулар менен жабдуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу А.Чымканаев атындагы орто мектебинин англис тили кабинетин заманбап жабдуулар менен жасалгалоо боюнча англис тили мугалимдери Р.Исабекованын жана Н.Кенжетаевалардын кайрылуусун карап чыгып, Жергиликтүү Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу А.Чымканаев атындагы орто мектебинин англис тили кабинетин заманбап жабдуулар менен жабдуу үчүн 15 000 ( он беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Каипов М. Э. |