Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 09-ноябры № 11
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Терек-сай орто мектебине жаш балдардын тамак-ашы үчүн ун алып берүү үчүн жана мектептин ашканасынын канализациясынын трубасын алмаштыруу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Терек-Сай орто мектебинин жаш балдарынын тамак-ашы үчүн ун алып берүү жана ашканасынын канализациясынын трубасын алмаштыруу үчүн акча каржатын бөлүп берүү керектиги жөнүндөгүТерек-Сай орто мектебинин директору Т. Орозбаевдин кайрылуусун карап чыгып, Жергиликтүү Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Терек-Сай орто мектебинин жаш балдарынын тамак-ашы үчүн ун алууга 35 900(отуз беш миң тогуз жүз) сом жана ашканасынын канализациясынын трубасын алмаштуруу үчүн 46 м диаметри 100дүк труба үчүн 4 600 ( төрт мин алты жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Каипов М. Э. |