Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-ноябры № 1
Турциядагы жаны, заманбап, жаны технология менен иштеп жаткан фабрика менен жакындан таанышып келүү үчүн жумушчу топ түзүү жөнүндө
“Голден Вингс”ЖЧК нун директору жана башкы адиси Зафар Каранын Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Алмалуу-Булак сайына алтын иштеп чыгаруучу жаны заманбап фабрика куруу керектиги жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 24-ноябрындагы VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 17-ноябрындагы чыгарылган № 528 б буйругун аткарууга алуу максатында,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Алмалуу-Булак сайына жаны , заманбап технологиялар менен жабдылган алтын иштеп чыгаруучу фабрика куруу зарылчылыгы пайда болгондуктан, Турцияда иштеп жаткан заманбап фабриканын технологиясы менен жакындан таанышып келүү максатында төмөндөгүдөй курамда жумушчу топ түзүлсүн:
1. Ашырбаев Б.С. - Терек-Сай айылдык аймагынын башчысы, жумушчу топтун төрагасы.
2. Каипов М.Э. - Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы.
3.Ажакматов И.К. – айылдык Кенештин депутаты.
4.Каныбеков Н.К. – айылдык Кенештин депутаты.
5. Курманбеков Ж.К. –айылдык Кенештин депутаты.
6.Орозбаева Ч.О. – айылдык Кенештин депутаты.
7. Ташбаев М.Ж. – айылдык Кенештин депутаты.
8. Тойчиев М.С. –айылдык Кенештин депутаты.
9. Сартманбетов И.Ж. –айылдык Кенештин депутаты.
10.Чотбаев А.Э. –айылдык Кенештин депутаты.
11. Чымканаев Д.А. –айылдык Кенештин депутаты.
2. Жумушчу топ Турцияга барып, жаны технологиядагы заманбап иштеп жаткан фабриканы жеринде көрүп, иш жүзүндө таанышышып, пикир алмашуу менен элге, жаратылышка, жаныбарларга зыяндуулугу жок экенине ишенгенден сон, келгенден кийин Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Алмалуу-Булак сайына жаны заманбап алтын иштеп чыгаруучу фабрика курууну колдогон Терек-Сай элинин кайрылуусун колдоо боюнча туура чечим чыгарсын.
3. “Голден Вингс” ЖЧК нын өкүлдөрүнө атайын түзүлгөн жумушчу топту Турцияга алып барып, иштеп жаткан жаны заманбап фабриканын технологиясы, иштөө ыкмалары, зыяндуулугунун жоктугу, артыкчылыктары менен тааныштырып келүү жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы М. Каиповго милдеттендирилсин.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына
жарыялансын.
Төрага | Каипов М. Э. |
2017-жылдын 24-ноябрында атайын түзүлгөн жумушчу топтун тизмеси:
1. Ашырбаев Б.С. - Терек-Сай а/а башчысы, жумушчу топтун төрагасы.
2. Каипов М.Э. - Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы.
3.Ажакматов И.К. – айылдык Кенештин депутаты.
4.Каныбеков Н.К. – айылдык Кенештин депутаты.
5.Орозбаева Ч.О. – айылдык Кенештин депутаты.
6. Ташбаев М.Ж. – айылдык Кенештин депутаты.
7. Тойчиев М.С. –айылдык Кенештин депутаты.
8. Сартманбетов И.Ж. –айылдык Кенештин депутаты.
9. Чымканаев Д.А. –айылдык Кенештин депутаты.