Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-ноябры № 2
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Терек-Сай жалпы билим берүүчү орто мектебине Бишкек шаарына барып, КР Жогорку Кеңешинин ишмердүүлүгү менен таанышып, Жогорку окуу жайларды айланып келүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Терек-Сай жалпы билим берүүчү орто мектеби Чаткал Райондук Олимпиадасында мектептердин арасында 1-орунду ээлеген отличник окуучуларды Бишкек шаарына КР Жогорку Кеңешинин ишмердүүлүгү менен таанышып келүү жөнүндөгү Терек-Сай жалпы билим берүүчү мектебинин директору Т. Орозбаевдин кайрылуусун карап чыгып, Жергиликтүү Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Терек-Сай жалпы билим берүүчү орто мектебине Бишкек шаарына барып КР Жогорку Кеңешинин ишмердүүлүгү менен таанышып, Жогорку окуу жайларды айланып келүү үчүн 30000 ( отуз мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Каипов М. Э. |