Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-ноябры № 3
Терек-Сай айылдык аймагындагы жолбун иттерди атуу боюнча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу жолбун иттерди атуу боюнча “Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ш. Балтагуловдун кайрылуусун карап чыгып, Жергиликтүү Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой жана Терек- Сай айылындагы жолбун иттерди атуу үчүн 28930 ( жыйырма сегиз миң тогуз жүз отуз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Каипов М. Э. |