Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-ноябры № 4
Терек-Сай айылынын тургуну Исманов Даниярдын Талас шаарындагы “Жээнмырза уулу Кокондун” элесине арналган турнирге барып келүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Талас шаарындагы Жээнмырза уулу Кокондун элесине арналган турнирге барып келүү боюнча Терек-Сай айылынын тургуну Исманов Даниярдын кайрылуусун карап чыгып, Жергиликтүү Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылынын тургуну Исманов Даниярдын Талас шаарындагы “Жээнмырза уулу Кокондун” элесине арналган турнирге барып келүү үчүн 15000 (он беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Каипов М. Э. |