Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-ноябры № 5
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Ынтымак көчөсүнүн тургуну жалгыз бой, жесир аял Мавлюда Найманованын уулуна кезексиз жер бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Ынтымак көчөсүнүн тургуну жалгыз бой, жесир аял Мавлюда Найманованын уулуна жер бөлүп берүү жөнүндө кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Жергиликтүү Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу тургуну жалгыз бой, жесир аял Мавлюда Найманованын уулуна социалдык абалын эске алуу менен кезексиз жер бөлүп берүү Терек-Сай айылдык аймагына сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын жер адиси И.Смановго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин курулуш, өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Каипов М. Э. |