Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-ноябры № 6
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу К.Турдалиев көчөсүнүн тургуну Элмира Мырзаевага материалдык жардам көрсөтүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу К.Турдалиев көчөсүнүн тургуну Элмира Мырзаеванын турмуш-шартынын оордугуна байланыштуу материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Жергиликтүү Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Ак-Терек көчөсүнүн тургуну Элмира Мырзаеванын турмуш шартына байланыштуу жергиликтүү бюджеттин эсебинен 20 000 (жыйырма миң) сом материалдык жардамга акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Каипов М. Э. |