Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-ноябры № 7
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Ынтымак көчөсүнүн тургуну Рахат Алимбековага материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Ынтымак көчөсүнүн тургуну 5 баланын энеси Рахат Алимбекованын үйүн 2016-жылы катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел кетип басып калганга байланыштуу курулуш материалдарын сатып алуу жөнүндө кайрылуусун карап чыгып талкуулап, Жергиликтүү Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Ынтымак көчөсүнүн тургуну Рахат Алимбековага турмуш шартына байланыштуу курулуш материалдарын алуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Каипов М. Э. |