Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-ноябры № 8
Кызыл-Токой айылындагы көпүрөгө курулуш материалдарга акча каражатын бөлүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагындагы Кызыл-Токой айылындагы “Осмон”атындагы көпүрөнүн үстүндөгү тактайлары чирип калгандыгына байланыштуу жаңы курулуш материалдарын алуу жөнүндөгү Кызыл-Токой айылынын тургундарынын кайрылуусун карап чыгып талкуулап, Жергиликтүү Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Токой айылындагы “Осмон” атындагы көпүрөнүн тактайларын алмаштыруу үчүн 4 метрден 8 брус алуу үчүн 8000 (сегиз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Каипов М. Э. |