Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-ноябры № 10
Кызыл-Токой айылынын тургуну Нуржамила Осмоновага материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагындагы Кызыл-Токой айылынын тургуну Нуржамила Осмонованын кызы Конокбаева Айтурган Iтоптогу тубаса майып кызына ортопедиялык кровать алууга, турмуш шарты оор болгондугуна байланыштуу материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө кайрылуусун карап чыгып талкуулап, Жергиликтүү Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын тургуну Нуржамила Осмонованын I топтогу тубаса майып кызы Конокбаева Айтурганга атайын ортопедиялык кровать алууга материалдык жардам көрсөтүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Каипов М. Э. |