Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-ноябры № 11
Терек-Сай айылдык аймагына көмүр алуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагы кышка даярдык көрүү үчүн көмүргө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө Терек-Сай айылдык аймагынын башчысы Б.С.Ашырбаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Жергиликтүү Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына көмүр алуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 40000 ( кырк миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Каипов М. Э. |