Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-ноябры № 13
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы “Бүчүр” балдар бакчасына ысык жана муздак суу киргизүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы “Бүчүрү” балдар бакчасынын директору Г.Камчыбекованын бала бакчага ысык жана муздак суу киргизүү жана жылытуу системасын киргизүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып талкуулап, Жергиликтүү Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу “Бүчүрү” балдар бакчасына ысык жана муздак суу киргизүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 94 150(токсон төрт мин бир жүз элүү )сом жана 2 даана жылыткыч үчүн 6 000 ( алты мин ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Каипов М. Э. |