Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-декабры № 1
НедрИнвестКом” ЖЧК Кассан-Түндүк участкасында жайгашкан сурма кенин изилдөө үчүн чалгындоо иштерин жүргүзүү жөнүндө
“Недринвестком” ЖЧКнун 2017-жылдын 21-ноябрындагы чыгышталган № 4 кайрылуусу боюнча жана Кыргыз Республикасынын жер казыналар жөнүндөгү мыйзамына ылайык “Недринверском” ЖЧКнун 5661МР Лицензиясынын негизинде Түндүк Кассан-Тереккан аянтына геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жер участогун бөлүп берүү жөнүндөгү “Недринвестком” ЖЧКнун өкүлү У.У. Токторовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына “Недринвестком” ЖЧКна Терек-Сай айылдык аймагындагы Чыгыш Кассан-Тереккан аянтына 5661 МП Лицензиясынын негизинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө 54 га жер аянтын бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлгө алуу жагы өнөр жай, транспорт, байланыш, курулуш, энергетика жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Каипов М. Э. |