Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-декабры № 2
Терек-Сай айылдык аймагынын ооруканасынын кошумча имаратын бүткөрүү демөөрчүлүк жардам көрсөтүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагынын ооруканасынын кошумча имаратын бүткөрүү максатында демөөрчүлүк жардам көрсөтүү боюнча Терек-Сай оорууканасынын башкы дарыгери П.Д. Ташбалтаеванын кайрылуусун карап чыгып талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагынын ооруканасынын кошумча имаратын бүткөрүү максатында 30 000 сомдук демөөчүлүк жардам көрсөтүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Каипов М. Э. |