Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-декабры № 3
Терек-Сай жалпы орто билим берүү мектебинин окуучулары Чаткал райондук олимпиадасына катышуу үчүн Ю.А. Гагарин мектебине барууга транспорттук жардам берүү жөнүндө
Терек-Сай жалпы орто билим берүү мектебинин окуучулары Чаткал райондук олимпиадасына катышуу үчүн Ю.А. Гагарин мектебине барууга транспорттук жардам берүү боюнча Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору Т.Орозбаевдин кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Жергиликтүү Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай жалпы орто билим берүү мектебинин окуучулары Чаткал райондук олимпиадасына катышуу үчүн Ю.А. Гагарин мектебине барууга транспорттук чыгымдары үчүн 7000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Каипов М. Э. |