Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-декабры № 5
А.Чымканаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде англис тили боюнча райондук деңгээлдеги семинарга демөөрчүлүк жардам көрсөтүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу А.Чымканаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде англис тили боюнча райондук деңгээлдеги семинарга демөөрчүлүк жардам көрсөтүү боюнча А.Чымканаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин директору Г.Турдалиеванын кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Жергиликтүү Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Чымканаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде англис тили боюнча райондук деңгээлдеги семинарга 2 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Каипов М. Э. |