Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-декабры № 6
№18 А.Чымканаев жалпы орто билим берүү мектебинин 3-классынын окуучусу А.Ы.Турдалиевага “Президенттик балатыга” барууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
№18 А.Чымканаев жалпы орто билим берүү мектебинин 3-классынын окуучусу А.Ы.Турдалиевага “Президенттик балатыга” баруу учүн транспорттук чыгымдарын төлөө боюнча А.Чымканаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин директору Г.Д.Турдалиеванын кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Жергиликтүү Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №18 А.Чымканаев жалпы орто билим берүү мектебинин 3-классынын окуучусу А.Ы.Турдалиевага “Президенттик балатыга” баруу учүн транспорттук чыгымдарын төлөөгө 6 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Каипов М. Э. |