Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-декабры № 7
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу билим берүү мектептерине Балаты залын жасалгалоо жана окуучуларга белек берүүгө акчалай жардам берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу орто мектептердин Балаты залын жасалгалоо жана окуучуларга белек берүүгө акчалай жардам берүү боюнча мектептердин жетекчилеринин кайрылуусун карап чыгып талкуулап, Жергиликтүү Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу орто мектептердин Балаты залын жасалгалоо жана окуучуларга белек берүү үчүн №18 А.Чымканаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде 10 000 (он миң) , Б.Камчыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебине 10 000 ( он миң) сом, Терек-Сай жалпы орто билим берүү мектебине 6 000 (алты миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Каипов М. Э. |