Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-декабры № 11
Терек-Сай айылынын тургуну Ж.Сарпбековдун 1-топтогу майып болгондугуна байланыштуу отундан жардам берүү жөнүндө
Терек-Сай айылынын тургуну Ж.Сарпбековдун 1-топтогу майып болгондугуна байланыштуу отундан жардам берүү боюнча кайрылуусун карап чыгып талкуулап, Жергиликтүү Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылынын тургуну Ж.Сарпбековдун 1-топтогу майып болгондугуна байланыштуу отундан жардам берүүгө 5000 ( беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Каипов М. Э. |