Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-декабры № 13
Терек-Сай айылдык аймагынын сапарга чыгуучу автоунаасынын бензинине акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагынын сапарга чыгуучу автоунаасынын бензинине акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Суванованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жергиликтүү Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагынын сапарга чыгуучу автоунаасынын бензинине 50000 ( элүү миң )сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Каипов М. Э. |