Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-январы № 6
Терек-Сай айыл аймагына караштуу жалпы орто билим берүүчү мектептерге видеокөзөмөл орнотуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу жалпы орто билим берүүчү мектептерге (Терек-Сай, А.Чымканаев , Б.Камчыбеков ) видеокөзөмөл орнотуу зарылчылыгы жөнүндө Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Ашырбаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын I кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу жалпы орто билим берүү мектептерге видео көзөмөл орнотуу үчүн 475 000 ( төрт жүз жетимиш беш мин ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |