Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-январы № 7
Терек-Сай айыл аймагында 2019-жылга иштетилбей калган калдыкты бөлүштүрүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагында 2019-жылдын 1-январына калган калдыкты бөлүштүрүү боюнча КЭБнүн башчысы Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын I кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтуу бюджетинин 2019-жылдын
1-январына иштетилбей калган калдыктын эсебинен:
а) 2019-жылдын 1-январына калган кредитордук карыздарды тындыруу үчүн 393,3мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
б) 701 разделинин 2215 беренесинен төмөндөгү жумушчулардын эмгек акылары 2019-жылга карата:
Малдарды идентификациялоо боюнча оператор Телибаева Айнурага 69,6мин сом, айыл ветеринардык дарыгерлери Каратаев Шадыбекке 48,0мин сом,Маатов Бектемирге 48,0мин сом,Өзгөчө кырдаалдар боюнча адис Сейитбекова Гулайымга 60,0мин сом,бардыгы болуп 225,6мин сом акча каражаты келишим түзүлүү менен бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражаттары өз убагында каржылоо жагы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнун башчысы Суванова Тамарага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |