Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-февралы № 1
Кыргыз Республикасынын эл жана турак жай фондун каттоосуна Терек-Сай айыл аймагы тарабынан 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө Терек-Сай айылдык аймагында айылдардын административдик чек араларын тактоо, көчөлөрдүн жана турак-жай массивдеринин аталыштарын, үйлөрдүн жана квартиралардын номерлерин тартипке келтирүү, курулуп жаткан квартиралардагы, турак-жай массивдериндеги турак үйлөрдү аныктоо жана аларды каттоо номери менен камсыз кылуу максатында акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө айыл аймактын жооптуу катчысы Б.Анарбаеванын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө Терек-Сай айыл аймагында айылдардын административдик чек араларын тактоо, көчөлөрдүн жана турак-жай массивдеринин аталыштарын, үйлөрдүн жана квартиралардын номерлерин тартипке келтирүү, курулуп жаткан квартиралардагы, турак-жай массивдериндеги турак үйлөрдү аныктоо жана аларды каттоо номерлери менен камсыз кылуу максатында жергиликтүү бюджеттен 60,000 (алтымыш мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |