Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-февралы № 2
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагы Терек-Сай айыл аймагынын жооптуу катчысы Б.Анарбаева тарабынан Жергиликтүү Кеңештин сессиясында Чаткал райондук статистика бөлүмүнүн статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишим түзүү зарылдыгы жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына райондук статистика бөлүмү менен “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алып, келишим түзүү сунушталсын.
2. Бул токтомдун көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, этика жана жаратылыш коргоо, экология боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |