Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-февралы № 4
Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдарга ветеринардык кызмат көрсөтүп жаткан адистердин айлык маянасын көтөрүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай жана Кызыл-Токой айылдарына ветеринардык кызмат көрсөтүүчү адистердин айлык маянасын көтөрүп берүү жөнүндөгү кайрылууларын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай айылына ветеринардык кызмат көрсөтүп жаткан адис Ш.Каратаевдин айлык маянасына 1 000 (бир миң) сом, Кызыл-Токой айылына ветеринардык кызмат көрсөтүп жаткан Б.Маатовдун айлык маянасына 1 000 (бир миң) сом акча каражаттары жергиликтүү бюджеттен кошумчаланып төлөнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Ажакматов И. К. |